Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Илимдер академиясынын кызматкерлерине иш козголду


Улуттук илимдер академиясынын имараты.
Улуттук илимдер академиясынын имараты.

Улуттук илимдер академиясынын жетекчи кызматкерлери мыйзамсыз документтер аркылуу акча “жасаган” деп айыпталууда. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка караганда, академияда иштебеген адамдарга документ жасалып, аларга мыйзамсыз түрдө айлык берилип жатканын айтып И.Т. аттуу жаран Башкы прокуратурага кайрылган. Арыздын негизинде Академиянын Суу маселелери жана гидроэнергетика институту текшерүүгө алынды. Натыйжада аталган институтту жетектеп турган кызматкерлер 2013-жылдан бери иштебеген үч кишиге айлык алып келгени аныкталган. Анын айынан мамлекет 720 миң сомдук материалдык зыян тарткан.

Факт боюнча Кылмыш кодексинин 171-, 304-, 315-беренелеринин (“ишенип берилген мүлккө ээлик кылуу же коротуу”, “кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, “кызматтык жасалмалуулук”) негизинде кылмыш иши козголду.

Буга чейин Илимдер академиясынын түзүмү кыскартылып, 25 илимий институттун он жетиси калып, алар бири-бирине кошулган. 2015-жылы академияны сактап калуу максатында андагы кызматкерлердин кырк пайызга чукулу кыскартылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG