Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:07

АКШнын Израилдеги элчилиги Тель-Авивде калат


АКШнын Тель-Авивдеги элчилиги.
АКШнын Тель-Авивдеги элчилиги.

Израилдеги элчиликти кеминде дагы алты айга Тель-Авивде калтырууну караган документке президент Дональд Трамп кол койду.

Ак үйдүн 1-июндагы билдирүүсүндө бул чара "Израиль менен Палестинанын тынчтык келишимге жетүүсү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү максималдаштырары, чечим ошондой эле Трамп Израилди колдоодон кандайдыр бир жол менен баш тартканын туюндурбасы, элчилик акыр аягында Иерусалимге көчөрү" айтылат.

Буга байланыштуу жөөт премьери Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси тараткан билдирүүдө "Израиль элчилик азыр көчүрүлбөйт деген чечимге иренжигени менен президент Трамптын достук жөнүндөгү сөздөрүн, элчиликти келечекте көчүрүүгө берилгенин жогору баалай турганы" белгиленген.

Ал эми палестин президенти Махмуд Аббастын өкүлү Набиль Абу Рденех Трамптын чечимин Кошмо Штаттар тынчтык жараянга олуттуу мамиле кыларын көргөзгөн "маанилүү оң кадам" деп баалады.

Иерусалим шаарынын макамы жөөт - палестин чатагындагы эң сезимтал маселе.

Палестиндер Иерусалимди болочоктогу мамлекетинин борбору деп санашат. Израил болсо шаардын чыгышын аннекциялап, анын бүткүл аймагын өзүнүн борбору деп жарыялаган. Бирок, бул кадамды эл аралык коомчулук тааныган эмес.

Президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда Трамп Иерусалимди Израилдин борбору катары таанууну, АКШ элчилигин бул жакка көчүрүүнү убада кылган.

Мындай турум Палестинанын жана анын өнөктөштөрүнүн ачуусун келтирип, Трамп кийин бул сунушун тез ишке ашыруудан баш тарткан болчу.

АКШда Израилдеги элчиликти Иерусалимге көчүрүү боюнча 1995-жылы эле атайын мыйзам да кабыл алынган.

Бирок ал мыйзам президентке элчиликти көчүрүүнү улуттук коопсуздукка негизденип кийинкиге калтырып турууга мүмкүндүк да берет.

Президенттер Билл Клинтон, Жорж Буш, Барак Обама мына ошондой документке такай алты ай сайын кол коюп келишкен. Обама акыкы ирет кол койгон документтин мөөнөтү бүгүн 1-июнда аяктамак.(UE)

XS
SM
MD
LG