Филиппиндин борбору Манилада казиного кол салган адам өз жанын кыйды. 1-июнда Маниладагы Resorts World эс алуу комплексине белгисиз адам кирип, ок чыгарган. Анын полиция менен атышуусунан кеминде 30 адам жараат алды.
2-июндун таңында шектүүнүн сөөгү аталган комплекске караган мейманканадан табылган. Филиппин полициясы ал өзүн өрттөп каза тапканын, окуяны карактоо аракетине байланыштырып, террорчулук деп айтууга болбой турганын билдирди. Маалыматка караганда, казиного кирип ок аткан киши ал жердеги адамдарды бутага алган эмес. Ал казинонун фишкасын уурдап кетүүнү көздөгөн деп жоромолдонууда.