Линктер

ишемби, 20-январь, 2018 Бишкек убактысы 01:33

Москвада 12-июнга белгиленген антикоррупциялык акциянын уюштуруучулары мэриянын жүрүштү Сахаров проспектисинде өткөрүү сунушуна макул эмес.

Бул тууралуу оппозициялык саясатчы Алексей Навальный Youtube каналы аркылуу билдирди. Анын айтымында, акциянын уюштуруучулары жүрүштү Тверь көчөсүндө өткөрүү өтүнүчү менен Москва шаардык мэриясына кайрылган. Бирок мекеме аны Сахаров проспектисинде өткөрүүнү сунуштаган. Навальный бул көчө "коопсуз эмес" деп айтты.

Алексей Навальный баштаган активисттер 12-июнь күнү Орусиянын 212 шаарында бийликтер уруксат берген-бербегенине карабай антикоррупциялык жүрүштөргө чыгууну көздөп жатат.

Буга чейин 26-марттагы антикоррупциялык жүрүшкө Орусия боюнча он миңдеген адам катышып, Москвада полиция миңдей адамды кармап, анын ичинде Навальныйдын өзү 15 суткага кесилген болчу.

XS
SM
MD
LG