Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:57

Ноокенде төрт адамды бычактаган шектүү кыргыз-тажик чегинен кармалды


20-23 жаштардагы төрт баланы бычактап качып кеткен кылмышка шектүү жаран Кыргызстандан Тажикстанга өтүп жаткан учурда кармалды.

Облустук милициянын басма сөз кызматынын маалыматында, Масы айылынын 23 жаштагы тургуну Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси менен козголгон кылмыш иштин натыйжасында кармалып, Ноокен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына эки айга камакка алынды.

Буга чейин 20-май күнү 40ка чукул жигит Ноокен милициясынын алдына чогулган. Алар кылмышка шектүүнүн туугандары үйүндө жашырып жатат деп, милициядан аны кармап берүүнү талап кылышкан. Бычакталган балдар жеңил жараат алгандыктан дарыгерлердин көзөмөлүнөн өткөндөн кийин үйүнө чыгарылган. Окуя ушул жылдын 18-май күнү түнкү саат эки чамасында райондун борборунда болгон. (КЕ/RsK)

XS
SM
MD
LG