Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:32

Шарапов: бак-дарактарды кыюу улантылат


Кыйылган бактагы уядан түшкөн балапандар
Кыйылган бактагы уядан түшкөн балапандар

Бишкек шаарынын Токтоналиев көчөсүндөгү бак-дарактарды кыюу элдин каршылыгына карабай улантылат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып Биринчи Май районунун акиминин орун басары Руслан Шарапов билдирди. Ал аталган көчөдөгү дарактарды кыюу боюнча тургундар менен бир катар жыйындар болуп, пикирлерин угушканын айтты. Ал жалпысынан 143 дарак кыйылып, ордуна 208 бак отургузуларын кошумчалады.

- Дарактар кыйыла турганын ноябрда эле маалымдаганбыз. Тургундардын пикирин эске алып айрым дарактарга тийген жокпуз. Бирок бардык талаптарын аткара алган жокпуз. Мисалы айрымдарына 60-70 жыл болгон, ордуна жаңысы тигилет. Бул бир кварталдын эмес, жалпы шаарга ылайыктуу көчө болушу керек.

Бүгүн Бишкек шаарынын Токтоналиев көчөсүндөгү дарактардын кыйылышына каршы болуп жарандык активисттер жана айрым тургундар балдары менен нааразылыкка чыгышкан. Алар буга чейин мэрияга чейин барышканын, элдин пикири менен эсептешпей, көңүл бурулбай жатканын билдирип жатышат. Айрымдары шаардын экологиясы бузулуп, бактагы уялар бузулуп, балапандар өлгөнүн көрсөтүштү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG