Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

Активист бактан кулаган балапандарды шаардык кеңештин депутаттарына жөнөтөт


Жарандык активист Алишер Ташматов кыйылган бактан кулаган балапандарды шаардык кеңештин депутаттарына жөнөткөнү жатат. Ал Токтоналиев көчөсүндөгү бактардын кыйылышына каршы экенин билдирип, шаар бийлиги экология маселесин көңүл сыртында калтырып жатканын айтты:

- Мына азыр бактарды кыйып жатат, андагы уялардан балапандар күүлүп түшүүдө. Жерде өлүп жатат. Алардын уясы үчүн ким жооп берет. Кана биздин экологдор? Эмнеге алар келип, жаратылышты коргобой жатат? Бизге мэриядан бактарды кыюу туурасындагы акт дагы бекитиле электигин айтышкан. Биз соо бактар эле кыйылганын көрүп жатабыз. Шаарда ансыз да дем алуу кыйындап баратат, эми бактарды жок кылышууда. Мен балапандарды депутаттарга тапшырайын деп жатам, аларды кантип коргоону ойлонушсун.

Эколог жана шаардык кеңештин төрагасы Эмил Шүкүров мэрияда жаратылышты коргоо боюнча план жоктугун, картайды деген шылтоо менен башка дарактар кыйылып жатканын “Азаттыкка” билдирген. (КЕ/AKu)

XS
SM
MD
LG