Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга каршы жаңы санкция киргизгени жатат


Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын соңку ракеталык сыноо учурунда. 30-майда таратылган сүрөт.
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын соңку ракеталык сыноо учурунда. 30-майда таратылган сүрөт.

Дипломаттардын айтымында, АКШ менен Кытайдын сунушуна ылайык санкция, Түндүк Кореянын жеке адамдары менен ишканаларына каршы киргизилмекчи.

Бул АКШ президентинин кызматына Дональд Трамп киришкенден бери санкция боюнча Вашингтон менен Бээжин БУУнун Коопсуздук кеңешинде макулдаша алган алгачкы резолюция болот.

Резолюция долбоорундагы тизмеде Түндүк Кореянын төрт мекеме-ишканасы, анын ичинде чет өлкөлөр менен иш жүргүзгөн банкы, ракеталык аскерий бөлүгү, 14 жеке адамдын ысымдары көргөзүлгөн.

Жеке адамдардын арасында Түндүк Кореянын чет мамлекеттердеги тыңчылык операцияларына башчылык кылат делген да киши бар.

Эгер резолюция жактырылса, тизмедегилердин дүйнө боюнча эсеби жабылып, ары-бери каттосуна тыюу салынат.

АКШ менен Кытай жаңы санкцияларды беш аптадай сүйлөшүп, резолюциянын макулдашылган долбоорун Коопсуздук кеңештин калган13 мүчөсүнө 1-июнда таратышты.

Кытай – Түндүк Кореянын башкы экономикалык жана дипломатиялык өнөктөшү.

Коопсуздук кеңешинде вето укугу бар Орусия резолюцияны колдоору же колдобосу азырынча анык эмес.

Кечээ АКШ өз тарабынан Орусиянын Түндүк Кореянын курал программасын колдогон эки фирмасына санкция киргизген болчу.

Өзү адатта Кытай колдогон резолюцияга Орусия вето салбайт.

Акыркы жарым жыл ичинде Түндүк Корея өзөктүк сыноодон кеминде экөөнү өткөрүп, ал эми баллистикалык ракеталарынын ондогондорун учуруп көрдү. Баллистикалык ракетаны соңку сыноо 29-майда болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG