Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:56

Дүйшөмбиев: Токтоналиев көчөсүн чоңойтуу зарылчылыгы бар


Бишкектеги жол тыгынды жоюу үчүн Токтоналиев көчөсүн Байтик Баатыр менен Манас проспектисине барабар болгондой автотрасса кылуу зарылчылыгы бар. Бул тууралуу бүгүн Бишкек мэринин орун басары Бакыт Дүйшөмбиев бак-дарактардын кыйылышына байланыштуу “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди.

- Шаардын түндүгү менен түштүгүн байланыштыра турган, Токтоналиев көчөсү Түштүк магистрал менен төмөн карай Медеров көчөсүнөн Горкийге жетип, андан Кулатов көчөсүнө бириге турган болсо тыгынды азайтууга мүмкүн болот. Бул шаар үчүн, шаар тургундары үчүн зарыл көчө болуп атат. Анын туурасы 15 метр болуп төрт катар транспорт жүрүүгө мүмкүн болот.

Дүйшөмбиев кыйылган 143 дарактын ордуна 208 жаңы бак отургузуларын, учурда оңдолуп жаткан көчөлөрдү жашылдандырууга шаар бюджетинен 51 млн сом каралганын билдирди.

Бүгүн шаар тургундары, жарандык активисттер бак-дарактардын кыйылышына каршы акцияга чыгышкан. Алардын айрымдарын коомдук тартипти бузду деген негизде милиция алып кеткен. Вице-мэр алар бүгүн кечке чейин чыгарыла турганын убада кылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG