Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:30

Путинге кол салууну көздөдү деп айыпталган адам Украинада жараат алды


Адам Осмаев.
Адам Осмаев.

Украин ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Адам Осмаев 1-июнь күнү Киевде өзүн франциялык журналист катары тааныштырып, андан интервью алууну өтүнгөн адамдан ок жеп жараат алган.

Ал адам Осмаев жана анын жубайы Амина Окуева менен автоунаада отурганда тапанчасынан эки ирет ок чыгарууга үлгүргөн. Осмаевдин жубайы да өз тапанчасын алып чыгып, аны атууга жетишкен. Бул эки адам тең азыр оор абалда ооруканада экени кабарланды.

Теги боюнча орусиялык чечен, кезинде Британияда билим алган Осмаев 2012-жылы февралда, Украинада жардыруучу затты мыйзамсыз алып жүргөн, жеке менчик мүлккө зыян келтирген, документ жасаган деген айып менен камалган. Кийин Орусия бийликтеринин өтүнчү менен ага президент Путиндин өмүрүнө кол салууну көздөгөн деген да айып тагылган.

2014-жылы ноябрда Орусия менен Украинанын мамилеси бузулгандан кийин украин бийликтери Осмаевден орус президентин өлтүрүүнү көздөгөн деген айыпты алышкан. Ал башка кылмыштары үчүн тергөө абагында олтурган мөөнөтү эсептелип, соттолгон.

Андан соң Адам Осмаев өзү да, аялы да Украинанын чыгышында, украин тарапта Орусия колдогон жикчилерге каршы уруштарга катышкан. (UE)

XS
SM
MD
LG