Чукул билдирүү
2017-жылдын 4-6-июндарында туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: дыйканчылык аймактарында 20…25°, тоолуу райондордо 7…12°, бийик тоолуу райондордо 0…5° жылуу болушу ыктымал
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суу кирип, суу жээктерин жууп кетүү жана дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу каптоо коркунучу бар. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
3-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жана 4-июнда түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11...+16, күндүз +28...+33;
Талас жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +27...+32;
Баткен облусунда түнкүсүн +14...+19, күндүз +30...+35;
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +29...+34;
Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +20...+25;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +5...+10, күндүз +19...+24;
Бишкек шаарында 3-4-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 4-июнда күндүз жана 5-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 31…33 градус жылуу болот.