Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Биринчи май айылында бир жыл мурда салынган көпүрө селден кийин кулап түштү. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө таянып “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Эрнист Нурматов билдирди.
Маалыматка караганда, көпүрө 2016-жылы 26-майда колдонууга берилген. Анын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Асылбек Жээнбеков жана Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит катышкан болчу.
Көпүрөнүн курулушуна 9 млн. сомго жакын каражат жумшалган. Анын 6 млн. сомдон ашыгын донорлор берген. (КЕ/ErN)