Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Меркел Трамптын чечимин “абдан өкүнүчтүү” деп атады


Трамп жана Меркел Чоң жетинин саммитинде. 26-май, 2017-жыл.
Трамп жана Меркел Чоң жетинин саммитинде. 26-май, 2017-жыл.

Немис канцлери бүгүн парламентте сүйлөгөн президент Дональд Трамптын АКШны климат боюнча Париж келишиминен чыгаруу чечимин “абдан өкүнүчтүү” деп атоо менен анын өлкөсү 2015-жылкы келишимдеги милдеттенмесин аткарууну улантарын кошумчалады.

Ангела Меркел ага катар Париж келишимин глобалдык жылуулукка каршы күрөшүү боюнча эл аралык аракеттердин “өзөгү” деп мүнөздөдү.

АКШнын келишимден чыгышы “планетаны коргоого милдеттүү деп сезген бизди токтото албайт, токтотпойт дагы. Биздин планетанын келечеги маанилүүлөрдүн баарына, келгиле, Жер энебиз үчүн ийгиликтүү багытыбызды уланталы деп айтмакчымын”,- деди Меркел парламентте.

Германия дүйнөнүн АКШ, Кытай, Жапониядан кийинки төртүнчү ири экономикасы.

Президент Трамп АКШ 2015-жылы 195 өлкө кол койгон Париж келишиминен чыгарын өткөн түнү жарыялаган. Муну менен АКШ келишимге кирбеген Сирия менен Никарагуанын катарына кошулду. Трамп өз чечимин келишимдин шарттары “адилет эмес” жана АКШ экономикасына зыяндуу болгону менен түшүндүрдү.

Париж келишими глобалдык жылуулукка каршы күрөшүү үчүн мамлекеттерди укуктук жактан милдеттендирген алгачкы документ. Анда ар бир өлкө өз демилгеси менен булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартуу боюнча чараларды көрүүсү каралган.

Мурдагы президент Барак Обаманын администрациясы АКШ 2025-жылга чейин булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартат деп милдеттенме алган. Ага ылайык, АКШ булганыч газдардын бөлүнүшүн 2005-жылкы деңгээлден 26-28% азайтмак. (UE)

XS
SM
MD
LG