Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:02

Бактардын кыйылышына каршы чыккандардын соту өтүп жатат


Ушул тапта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Токтоналиев көчөсүнүн боюндагы бак-дарактарды кыюуга каршы өткөрүлгөн акцияда кармалган он кишинин иши каралууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” жарандык активист, кармалгандардын бири Гүлнара Журабаева билдирди.

Бүгүн шаар тургундары, жарандык активисттер бак-дарактардын кыйылышына каршы акцияга чыгышкан. Милиция кызматкерлери коомдук тартипти бузду деген негизде нааразылык акциясына чыккан он кишини бүгүн түштө кармап кеткен. Ал эми жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер шаар бийлиги элдин пикирин эске албай жатканын жана конституциялык укуктары бузулганын белгилешүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG