Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Путин АКШнын тышкы саясатын сынга алды


Орус президенти АКШнын акыркы 20 жылдагы тышкы саясатын “бийликти кыянат пайдалануу”, Жакынкы Чыгыш менен эл аралык тартипти дестабилдештирүү деп сынга алды.

Cанкт- Петербургдагы экономикалык форумдун суроо-жооп сессиясында сүйлөгөн учурунда Путин АКШны бир нече жылдан бери “Орусиянын ички иштерине одоно жана системалуу түрдө” кийлигишкени, коңшу Украинада ал мүнөздөгөндөй өкмөткө каршы төңкөрүштү колдогону үчүн айыптады.

НАТОну АКШнын "тышкы саясий куралы" деп атап, Орусия альянстын анын чек араларына” аскерий инфраструктурасын” жакындатуу аракеттерине жооп берерин кошумчалады.

Орус президенти ошондой эле Москва АКШнын 2016-жылкы президенттик шайлоосуна кийлигишти деген ырастоолорду четке кагып, муну АКШдагы демократтардын саясий кемчилигин башкаларга оодаруу аракети деп баалады.

АКШдагы ички саясий жаңжалды эл аралык деңгээлде чечүү аракеттерин “деструктивдүү” деп мүнөздөдү. (UE)

XS
SM
MD
LG