Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Бишкекте бактардын кыйылышына каршы чыккандар бошотулду


Милиция активисттерди кармаган учур. 2-июнь, 2017-жыл.
Милиция активисттерди кармаган учур. 2-июнь, 2017-жыл.

Бул тууралуу “Азаттыкка” сот олтурумуна байкоо салган жарандык активист Рита Карасартова кабарлады

Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна бүгүн Токтоналиев көчөсүнүн боюндагы бак-дарактарды кыюуга каршы бүгүнкү акцияда кармалган он киши алып барылган:

- Он кишинин жарымы жарандык активисттер болчу. Баарына эскертүү берилип бошотулушту. Бирок сот аларды жасаган кылмыштары үчүн күнөлүү деп тапты. Кармалгандарга жолду тороду, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талабын аткарбай каршылык көргөздү деген айып коюлган. Жолду бууду деген айып жокко чыгарылды. Анткени жолду бууганга мүмкүнчүлүк жок эле, жол бийликтин өзү тарабынан мурда эле тосулган. Жаш активисттер болгону бак кыйылган тарапка барып, отуруп алышкан, - деди Карасартова.

Бишкектин вице-мэри Бакыт Дүйшөмбиевдин айтымында, бак-дарак кыйылып жаткан Токтоналиев көчөсүн кеңейтүү шаардагы автотыгын көйгөйүн чечүүгө жардам берет.

Белгилүү эколог жана шаардык кеңештин депутаты Эмил Шүкүров бак-дарактардын картайды деген шылтоо менен кыйылып жатышын сынга алды. (UE)

XS
SM
MD
LG