Президент Алмазбек Атамбаев тик учак кырсыгына байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Анда тик учак кырсыгынан каза болгон аскерлерге байланыштуу кыргыз элинин атынан көңүл айтып, жакындарына сабыр тилеген.
Түркия полициясына караштуу тик учак өлкө чыгышында 31-майда кулаган. Анда 13 полиция кызматкерb болгону кабарланган эле.(BkA)