АКШдагы штаттар, шаарлар жана ишканалар Кошмо Штаттардын климат боюнча Париж келишиминен чыкканына карабай анын шарттарын аткара берсе болот. Бул тууралуу Нью-Йорктун мурдагы мэри Майкл Блумберг 2-июнда билдирди.
“Америкалыктарга Париж келишимин аткаруу үчүн Вашингтондун кереги жок”, - деди Блумберг Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен жолугушуудан соң сүйлөп жатып.
БУУнун баш катчысынын шаарлар жана климаттын өзгөрүшү боюнча атайын чабарманы Блумберг акыркы он жылда Кошмо Штаттар жаратылышка зыяндуу газдардын бөлүнүшүн он эсеге азайтканын билдирди.
АКШнын президенти Трамп АКШ 2015-жылы 195 өлкө кол койгон Париж келишиминен чыгарын 2-июнда жарыялаган. Муну менен АКШ келишимге кирбеген Сирия менен Никарагуанын катарына кошулду. Трамп өз чечимин келишимдин шарттары “адилет эместиги” жана АКШ экономикасына зыяндуу болгону менен түшүндүргөн.
Париж келишими глобалдык жылуулукка каршы күрөшүү үчүн мамлекеттерди укуктук жактан милдеттендирген алгачкы документ. Анда ар бир өлкө өз демилгеси менен булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартуу боюнча чараларды көрүүсү каралган.
Мурдагы президент Барак Обаманын администрациясы АКШ 2025-жылга чейин булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартат деп милдеттенме алган. Ага ылайык, АКШ булганыч газдардын бөлүнүшүн 2005-жылкы деңгээлден 26-28% азайтмак.
АКШ президентинин акыркы чечимине бир катар өлкө лидерлери өкүнүчүн билдирди.