Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:24

БУУ Түндүк Кореяга карата жаңы санкцияларды жактырды


БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Түндүк Кореяга карата кошумча санкцияларды киргизүү боюнча резолюциянын долбоорун жактырды. Документти Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сыноосуна жооп катары АКШ даярдаган.

Санкцияга 14 адам жана төрт ишкана киргизилди.

АКШнын Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Никки Хейли Пхеньян Туруктуу кеңештин резолюцияларын аткармайынча эл аралык коомчулук басымды уланта берерин билдирди.

1-июнда АКШнын Финансы министрлиги Түндүк Кореяга жаңы санкцияларды кеңейткен. Кореяга менен байланышы бар делип санкция киргизилген чет элдик компаниялардын арасында үч орусиялык компания да кирди.

Ошондой эле орус жараны Игорь Мичурин бар. АКШ бийликтеринин жүйөсүндө ал Tangun аттуу корей компаниясы менен иш алып барат.

XS
SM
MD
LG