Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:24

Чалдыбар пунктундагы кылмыш иши боюнча эки мекеме кайым айтышты


Кыргыз-казак чек арасындагы бекет

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы Транспорт жана жолдор министрлигин коррупция менен күрөшкө шалаакы мамиле кылганы үчүн сындап чыкты.

Мындай билдирүүнү аталган кызмат бүгүн таратты. Анда Чалдыбар салмак өлчөөчү пунктундагы мыйзамсыз иштер боюнча төгүндөө таратуу өкмөттүн коррупцияга каршы күрөшүнө каршы келерин билдирген.

Кызматтык маалымат боюнча, Чалдыбар пунктундагы коррупциялык иштер боюнча текшерүү жүрүп, анын негизинде кылмыш иши козголгон.

Бирок аны Транспорт жана жолдор министрлиги четке каккан билдирүү тараткан эле.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы мындай аракетти коомчулукту адаштыруу катары баалап жатат.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG