Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 04:55

Британияда 8-июнда өтчү шайлоо карата акыркы теледебаттар болду. Дебатка өлкөнүн премьер-министри Тереза Мэй жана оппозициялык Лейбористтик партиянын лидери Жереми Корбин катышты. Талкуудагы негизги темалардын бири - Британиянын Евробиримдиктен чыгуу жараяны болду. Мэй Брексит боюнча сүйлөшүүлөр эки тарапка тең ыңгайлуу бүтөт деген ишенимин билдирди.

Корбин Евробиримдик менен теңата сүйлөшүүгө кудурети жетерин белгиледи.

Британияда мөөнөтүнөн мурда парламентке шайлоо өтөрү апрелде белгилүү болгон. Премьер-министр Тереза Мэй мындай кадамды Брекситтин ийгиликтүү чечилиши үчүн керек деп атаган. Социологиялык сурамжылоолор боюнча учурда Мэй атаандашынан алдыда келе жатат. Бирок бийлик менен оппозициянын ортосундагы айырма 10 пайызды гана түзүүдө.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG