Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:00

Мадриддик “Реал” Чемпиондор лигасынын быйылкы жеңүүчүсү болду. Ал финалдык оюнда туриндик “Ювентусту” 4:1 эсебинде утуп алды. Ушуну менен “Реал” Чемпиондор лигасын он экинчи жолу жеңди.

Беттештин 20-мүнөтүндө алгачкы голду “Реалдын” атактуу оюнчусу Криштиану Роналду киргизди. Андан соң “Ювентустун” футболчусу Марио Манджукич эсепти теңеди. Бирок оюндун экинчи бөлүгүндө “Реалдын” оюнчулары дагы үч топ киргизип, жеңишти камсыз кылышты.

Мадриддик “Реал” былтыр да Чемпиондор Лигасынын кубогуна ээ болгон.

XS
SM
MD
LG