Кыргызстанда радио байланышы жетпеген аймактагы 45 айылга 18 санариптик ретранслятор орнотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, буга чейин аталган айылдарда санариптик берүүлөр тартпай келген.
Учурда Кыргызстанда 326 айыл радио байланышы жетпеген аймактарда жайгашкан. Өкмөт бул айылдарды быйыл 30-июлга чейин санариптик телеберүү менен камсыздоо убадасын берүүдө. Ага чейин ал жерлерде аналогдук берүүлөр өчүрүлбөйт.
Быйыл 15-майдан тарта Кыргызстан санариптик телерадиоберүүгө өткөн. Анын негизинде аналогдук берүүлөр толугу менен өчүрүлгөн. Бирок айрым айылдарда санариптик теле тартпай, көйгөйлөр жаралган болчу.(BkA)