Кабулдагы ишембидеги үч жардыруудан кеминде жети киши каза болуп , жүздөн ашык адам жараат алды. Жардыруулар жума күнкү полиция менен кагылыштан каза болгон Ооганстандын Сенатынын төрага орун басары Мухаммад Алам Изадиярдын уулу Салемдин тажыясы өтүп жатканда болгон.
Өлкөнүн башкы аткаруучусу Абдулла Абдулланын айтымында, үч жанкечти өзүн жардырган. Тажыяда Абдулла өзү да болгон, ал жабыркаган эмес.
2-июнда Кабулда коопсуздукту камсыз кылуу талабы менен чыккан демонстрацияда полиция ок чыгарып, беш адам каза болгон эле.
Ооганстанда акыркы күндөрү бир нече жардыруу орун алды. 31-майда Кабулдагы жардыруудан 90го жакын кишинин өмүрү кыйылып, 460тан ашууну жараат алган.
Кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.