АКШ колдогон күрттөрдүн ыктыярдуу күчтөрү жакынкы аралыкта Ракканы "Ислам мамлекети” террорчул тобунан бошотуу боюнча операция баштарын жарыялады. Күрт күчтөрүнүн маалымат катчысы Сихан Шейх Эхмед Сириянын Түркия менен чек арасына жакын жайгашкан Ракка шаарын бошотууга даярдык аяктап калганын билдирди. Мындай билдирүү АКШ колдогон Ирак өкмөтүнүн аскерлери террорчулардан Мосул шаарын толук бошотууга аз калганын кабарлаган учурда таратылды.
Ракка жана Мосул “Ислам мамлекети” террорчул тобунун учурдагы негизги таянычы саналат.
Мосул толугу менен ирак күчтөрүнүн колуна өтсө, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна катуу сокку болот.
Мосулда террордук уюмдун лидери Абу Бакр ал-Багдади өз башкаруусундагы “халифатты” үч жыл мурун жарыялаган.
Ракка шаарында төрт миңге чейинки сандагы террорчул топтун аскерлери калды деп болжолдонууда.