Лондон полициясы өткөн түнү алты адамдын өмүрүн алып, 30дан ашык киши жарадар болгон кол салууну теракт катары иликтеп жатат.
Полициянын маалыматы боюнча, террорчулар башкарган кичи автобус катуу ылдамдыкта Лондон көпүрөсүндө сейилдеп жүргөн адамдарды сүзүп баштаган. Андан соң унааны таштап, жакын жайгашкан ресторанда отурган адамдарды бычакташкан.
Полиция кылмышка шектүү үч адамды атып өлтүрдү.
Алгач террорчулардын бири белине жардыруучу зат курчанып алганы айтылып жаткан, бирок полиция бул чындыкка жатпай турганын билдирди.
Бир нече күн мурун премьер-министр Тереза Мэй өлкөдөгү террордук коркунучтун деңгээлин төмөндөткөн эле.
Бул кол салуу марттын аягынан бери Улуу Британиядагы үчүнчү теракт болуп калды. 22-мартта Лондондун борборундагы Вестминстер көпүрөсүндө жөө бараткан кишилерди машинасы менен сүзүп, кийин нөөмөттө турган полициячыны бычактаган шектүү адамдын колунан жарадар болгондордун саны 40тан ашып, беш адам каза болгон.
22-майда болсо Манчестер шаарынын стадионунда эл концерттен тарап жатканда жанкечти өзүн жардырып, 22 киши каза таап, 60тан ашуун адам жаракат алган.
8-июнда Улуу Британияда парламенттик шайлоо өтөт. Премьер-министр Мэй үгүт өнөктүгүн токтотуп, Лондонго келди.
Окуядан кийин Терезе Мэй жана АКШнын президенти Дональд Трамп телефон аркылуу байланышып, Вашингтон керектүү жардамды көрсөтүүнү убада кылганы кабарланды.