Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

Блумберг Париж келишимин аткаруу боюнча коалиция түзөт


Майкл Блумберг.
Майкл Блумберг.

Америкалык миллиардер Майкл Блумберг АКШнын климат боюнча Париж келишиминде калышын жактагандардын коалициясын түзөт. Учурда бул коалицияга 30 шаар, 3 штат, 100дөн ашык компания жана 80дей университет кирери кабарланууда.

Коалициянын катышуучулары АКШнын климаттын өзгөрүшүнө каршы Париж келишиминдеги шарттарын аткаруу боюнча БУУга план сунуштоону максат кылып жатат.

Ага ылайык, 2025-жылга чейин Кошмо Штаттар абага зыяндуу газдарды 25 пайызга азайтышы керек.

Нью-Йорктун мурдагы мэри, БУУнун баш катчысынын шаарлар жана климаттын өзгөрүшү боюнча атайын чабарманы Блумберг буга чейин АКШны Париж келишимин аткарууга чакырган.

АКШнын президенти Дональд Трамп 195 өлкө кол койгон Париж келишиминен чыгарын 2-июнда жарыялаган. Муну менен АКШ келишимге кирбеген Сирия менен Никарагуанын катарына кошулду.

Трамп өз чечимин келишимдин шарттары “адилетсиз экендиги” жана АКШ экономикасына зыяндуу болгону менен түшүндүргөн.

Париж келишими глобалдык жылуулукка каршы күрөшүү үчүн мамлекеттерди укуктук жактан милдеттендирген алгачкы документ.

XS
SM
MD
LG