4-6-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, дыйканчылык аймактарда 20…25, тоолуу райондордо 7…12, бийик тоолуу райондордо 0…5 градус жылуу болушу ыктымал.
Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
Аба ырайы:
4-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12...+17, күндүз +23...+28;
Талас жергесинде түнкүсүн +11...+16, күндүз +23...+28;
Баткен облусунда түнкүсүн +14...+19, күндүз +23...+28;
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +23...+28;
Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +16...+21;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +8...+13, күндүз +14...+19;
Бишкек шаарында 5-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 25…27 градус жылуу болот.