Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Тереза Мэй: Британияда шайлоо өз мөөнөтүндө өтөт


Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Лондондогу терактка карабай өлкөдө 8-июнга белгиленген парламенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өтөрүн билдирди. Бул тууралуу британ премьери өкмөттүн коопсуздук боюнча комитетинин чукул жыйынынан соң жарыялады. Мэй “терроризмге жетишет” деп айтчу мезгил келгенин белгилеп, Британияга эч нерсе болбогондой түр көрсөтүүгө болбой калганын билдирди.

“Мындай зордук-зомбулуктар эч качан демократиялык жараяндарды токтото албайт” - деди Тереза Мэй.

Өткөн түнү Лондондогу эки кол салуудан алты адам каза болуп, 50гө жакыны жараат алды. Бийликтер бул кол салууну теракт деп аташты.

Анда террорчулар башкарган кичи автобус катуу ылдамдыкта Лондон көпүрөсүндө сейилдеп жүргөн адамдарды сүзүп баштаган. Андан соң унааны таштап, жакын жайгашкан ресторанда отурган адамдарды бычакташкан.

Полиция кылмышка шектүү үч адамды атып өлтүрдү.

Бул кол салуу марттын аягынан бери Улуу Британиядагы үчүнчү теракт болуп калды. 22-мартта Лондондун борборундагы Вестминстер көпүрөсүндөгү кол салуудан беш адам каза болсо, 22-майда Манчестер шаарынын стадионундагы жардыруудан 22 киши ажал тапкан.

XS
SM
MD
LG