Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:46

Пхеньян БУУнун жаңы санкцияларын четке какты


Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын соңку сыноо учурунда. 30-майда таратылган сүрөт.
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын соңку сыноо учурунда. 30-майда таратылган сүрөт.

Пхеньян Улуттар Уюмунун соңку санкцияларын "кастык" катары четке кагаарын жана ядролук курал өнүктүрүүнүн үстүнөн ишти улантаарын билдирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы 4-июнда жасаган комментарийде айтылат.

Анын алдында БУУнун Коопсуздук кеңеши түндүккореялык айрым расмий адамдарды жана ишкана-компанияларды бутага алган жаңы санкцияларды камтыган резолюцияны кабыл алган эле. 14 расмий кишиге айрым өлкөлөргө барууга тыюу салынып, тыш жерлердеги банк эсептерин пайдаланууга бөгөт коюлган. Төрт компания, анын ичинде Улуттук Корио Банк да операцияларын жүргүзө албайт. Түштүк Корея өкмөтүнүн маалыматына караганда, бул банк түндүккореялык жетекчилердин жеке каражаттарын тескеген жашыруун фирманын акча которууларын көзөмөлдөйт.

XS
SM
MD
LG