Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:57

Йеменде холера жайылууда


БУУнун маалыматы боюнча Йеменде холера тез жайылып, күнүнө 3-5 миң жаңы учур катталууда. ЮНИСЕФтин Жакынкы Чыгыш бөлүмүнүн директору Гирт Каппелэр 3-июнда "Ассошиейтед Пресс" жарыялаган интервьюсунда өткөн айда холерага кабылган деген шек менен 70 миңдей киши катталганын айтты. 14-майда Санаа шаарындагы бийлик чукул кырдаал жарыялап, эл аралык жардам сураган. Каппелэрдин айтымында, эпидемиядан 22 чөлкөмдүн 19у жабыркаган. ЮНИСЕФтин өкүлү үч жылдан бери жарандык согуш жүрүп жаткан өлкөгө жардам тез арада берилбесе, ооругандардын саны эки эсеге өсүп, башка жерлерге да жайылып кетиши ыктымал деп эскертти.

Ал ошондой эле Йеменди балдардын жашоосу үчүн “эң начар өлкө” деп атады.

Санаа шаарын Сауд Арабия баштаган коалицияга каршы күрөшкөн топ жана Иран менен өнөктөш хусилердин кыймылы көзөмөлдөйт. Жарандык согуш 10 миңден көп кишинин өмүрүн алып кетти, миллиондогону жер которду. Өлкөнүн инфраструктурасынын көбү талкаланган.

XS
SM
MD
LG