Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 11:55

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Британиянын премьер-министри Тереза Мэйге Лондондогу кол салууга байланыштуу көңүл айтуусунда
"Кыргызстан Лондондогу бир нече адамдын өмүрүн алган кол салууну кескин айыптайт. Террорчулук актоого жана кечирүүгө мүмкүн болбогон кылмыш" деп белгилеген.

Мамлекет башчы жалпы кыргыз элинин жана өзүнүн атынан кол салууда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, окуяда жаракат алгандардын эртерээк айыгып кетүүсүнө тилектештигин билдирген. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

3-июндун кечинде Лондон көпүрөсүндө кичи автобус жөө кишилерди сүзгөн, кийин ичинен үч киши чыгып ресторанда отурган кишилерди бычакташкан. Полиция аларды атып өлтүргөн. Кол салуудан жети киши мерт кетти, ондогону жараланды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG