Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Дүйнөлүк лидерлер Британияга тилектештигин билдиришти


Лондон.
Лондон.

АКШ президенти Дональд Трамп "акылдуу жана кылдат" болууга чакырып, Америка Лондонго колунан келишинче жардам берерин Твиттердеги баракчасына жазды. Немис канцлери Ангела Меркел "Террорчулуктун кандай гана түрү болбосун, биз Британия тараптабыз" деп айтты.

Орусия президенти Владимир Путин да Британ премьер-министри Тереза Мэйге көңүл айтты.

Тилектештигин Европа комиссиясынын президенти Жан-Клод Юнкер да билдирип, "Биз Лондон эли менен биргебиз" деп деди.

3-июндун кечинде Лондон көпүрөсүндө кичи автобус жөө кишилерди сүзгөн, кийин ичинен үч киши чыгып ресторанда отурган кишилерди бычакташкан. Полиция аларды атып өлтүргөн. Кол салуудан жети киши мерт кетти, ондогону жараланды.

Лондондогу теракт үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террорук тобу мойнуна алды. Марттын этегинен бери Британияда ушуну менен үч теракт болду.

XS
SM
MD
LG