Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:27

Бүгүн Өмүрбек Текебаевдин соту болот


Текебаевдин бошотулуусун талап кылган митинг. 9.03.2017. Бишкек ш.
Текебаевдин бошотулуусун талап кылган митинг. 9.03.2017. Бишкек ш.

"Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү бүгүн Биринчи май райондук сотунда башталат.

Ишти карай турган судья Айбек Эрнис уулу кабылдамасынан "Азаттыкка" кабарлашканына караганда, сот отуруму ачык өтөт.

Текебаев "Мегаком" компаниясы боюнча пара алган деп шектелип, быйыл 26-февралда кармалган. Анын ишине байланышы бар деген айып менен Дүйшөн Чотонов да камакка алынган.

Эки саясатчы тең азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турушат.

“Ата Мекен” партиясы алардын айыбы жок экенин билдирип, кылмыш ишин саясий куугунтук деп сыпаттап келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG