Ушу тапта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун сотуна даярдык көрүлүүдө. Сот жайгашкан жердин тегерегин милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатат, имаратка кирүүчүлөрдүн ар бирин да тартип коргоо органдары тыкыр текшерүүгө алууда.
Үч айдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан Текебаев менен Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жаранынан ири суммада пара алган деп айыпталууда. Алардын тарапкерлери бул айыптоону саясий куугунтук деп атап келет.
Буга чейин кабарлангандай, сот ачык өтөт. (RK)