Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

УКМК: Текебаевге байланыштуу Абдылдаевге издөө жарыяланды


Өмүрбек Текебаевдин ишине байланыштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун мурдагы төрагасы Шералы Абдылдаевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, Абдылдаевге Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-пунктуна ылайык коррупция боюнча айып сыртынан тагылды. Учурда атайын кызмат анын кайсы жерде экенин аныктоо үчүн ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен баш коргоо чарасы катары ага карата камоо чечими кабыл алынды.

Коррупцияга шектелип камалган "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин соту ушу тапта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG