Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эрнис уулу Айбек "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин соттук териштирүүнү мамлекеттик тилде өткөрүү өтүнүчүн канааттандырды.
Текебаев сот жараяны кайсы тилде өтөрү тууралуу маселе ал үчүн чоң мааниге ээ экенин айтып өтүнүч келтирген жана айыптоо токтомунун кыргызча жана орусча варианттарында чоң айырмачылыктар бар экенин айткан.
Үч айдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан Текебаев орус жаранынан ири суммада пара алган деп айыпталууда. Анын ишине байланыштуу мурдагы ӨКМ башчысы Чотонов да кармалган.
Текебаевдин тарапкерлери ага карата козголгон ишти саясий куугунтук деп атап келет. Ал эми Башкы прокуратура мындай айыптоону четке кагууда. (RK)