Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

Текебаевдин сотуна Атамбаевди чакыртуу өтүнүчү келтирилди


Өмүрбек Текебаевдин сотуна президент Алмазбек Атамбаевди күбө катары чакыртуу маселеси азырынча ачык бойдон калууда.

Бүгүн соттук отурумда Текебаев өзү жана анын адвокаттары 2010-жылдагы Убактылуу өкмөт мүчөсү катары Атамбаев да өз көрсөтмөсүн бериши керек деген маселени көтөрүштү.

Ал эми айыптоочу тарап бул өтүнүчкө каршы чыгып "ал кишинин эч кандай тиешеси жок, ал көрсөтмө бере албайт" деген жүйөсүн келтирди.

Натыйжада судья Эрнис уулу Айбек адвокаттардын өтүнүчүн азырынча канааттандыруудан баш тартып, аны кийин карап чыгарын белгиледи. (RK)

XS
SM
MD
LG