Базар-Коргондо, Ош-Бишкек унаа жолунун Акман участогунда камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары акция өткөрүүдө. Анын катышуучусу Шайырбек Калыков "Азаттыкка" билдиргендей, чогулган 100дөй адам Текебаевдин сотун түз эфирден көрүп жатат жана анын боштондугун талап кылууда.
- Ыйык Рамазан айында бийликтегилерге жана сотторго ыйман берип, саясатчынын соту адилеттүү өтөт деген тилектебиз, - деди Калыков.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов 2010-жылы орус жараны Леонид Маевскийден пара алуу ишине байланыштуу деп айыпталып жатышат. Бүгүн алгачкы соттук отурум өттү.
Камактагы саясатчынын тарапкерлери ага карата козголгон ишти саясий куугунтук деп атап келат. Ал эми Башкы прокуратура окуяга сасий өңүт берүү аракети негизсиз деген жүйөсүн келтирүүдө. (RsK)