Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:32

Төрт араб мамлекети Катар менен дипломатиялык мамилелерин токтотту


Катардын желеги
Катардын желеги

Сауд Аравия, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары жана Египет Перс булуңудагы Катар мамлекети менен “терроризмди” колдоп, эл аралык укукту “бузганы” үчүн дипломатиялык байланыштарды токтотконун жарыялашты. 5-июнда Сауд Аравия мындай чечим “”улуттук коопсуздукту сактоо” үчүн десе, Бахрейн Катарды "терроризмди колдойт жана өлкөнүн ички иштерине кийлигишет" деп айыптады. Бахрейн бийликтери Катар менен бардык байланыштарын токтотуп, катарлык дипломаттарды 14 күндүн ичинде чыгып кетүүгө милдеттендерди.

Сауд Аравиясынын маалымат агенттиги Эр-Рияд “терроризм жана экстремизм коркунучтарынан коргонуу үчүн эл аралык укуктун алкагында суверендүү укуктарынан пайдаланып” Катар менен алакаларын токтотууну чечкенин билдирет.

Египеттин мамлекеттик маалымат агенттиги дагы Катар террордук топторду колдогону үчүн мамилелер токтогонун кабарлады.

5-июнда Араб Эмираттарынын улуттук авиакомпаниясы Ethihad Airways Дохага учкан каттамдарын 6-июнга чейин токтотконун, андан аркысы боюнча алдыдагы күндөрү кабарланарын жарыялады.

5-июнда АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерон “биз бардык тараптарды чогуу отуруп, пикир келишпестиктерди кароого үндөйбүз” деди.

Катар менен АКШнын жакын өнөктөшү саналган Бахрейн жана Сауд Аравиясынын мамилелери буга чейин эле бир кылка эмес болчу.

Перс булуңундагы өлкөлөр Катарды Иранга жана исламчыл “Мусулман агайындары” кыймылына жакын деп санашкан.

Катар азырынча жогорудагы төрт мамлекеттин билдирүүсүнө жооп бере элек.

XS
SM
MD
LG