Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 20:14

Орусияда сот китепканачы Наталья Шаринаны айыптуу деп тапты


Наталья Шарина сотто, 5-июнь, 2017-жыл

Москванын Мещанск райондук соту Украин адабияты китепканасынын мурдагы директору Наталья Шаринаны экстремизм жана каражатты ыксыз сарптаганы үчүн айыптуу деп тапты.

Соттун өкүмү 1-июнда чыкмак, бирок бир нече күнгө жылдырылган.

Мамлекеттик айыптоочулар Шаринаны беш жылга шартуу кесүүнү сураган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча 2011-2015-жылдары Шарина Орусияда экстремисттик деп таанылган Дмитро Корчинскийдин китебин тараткан жана башка басылган маалыматтардын жардамы менен “орустарга каршы пропаганда жүргүзгөн”.

Айыпталуучу өз күнөөсүн мойнуна алган жок.

Ушул жылдын март айында Адам укуктары боюнча европалык сот Шаринанын арызын каттоодон өткөргөн. “Мемориал” укук коргоо борбору аны “саясий туткун” деп тааныган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG