Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Монтенегро НАТОнун 29-мүчөсү болот


НАТО менен Монтенегронун желектери
НАТО менен Монтенегронун желектери

5-июнда Вашингтондо өтчү расмий иш чарада Монтенегро (Черногория) Түндүк Атлантикалык альянска 29-мүчө болуп кабыл алынат.

Балкандагы чакан өлкө НАТОго Орусия Чыгыш Европада өз таасирин арттыруу аракетин күчөтүп жаткан маалда кошулууда.

Премьер-министр Душко Маркович Вашингтондо түштө башталчу расмий иш чарада Монтенегронун аскерий альянска кошулуу документин тапшырат.

7-июнда Монтенегронун желеги НАТОнун Брюсселдеги баш кеңсесине илинет.

Бул өлкө “батыштык баалуулуктар системасына ыктаган цивилизациялык бурулуш” жасап жатканы расмий билдирүүдө айтылат.

Адриатика деңизинин боюнда Хорватия менен Албаниянын ортосунда жайгашкан жылдык коргонуу бюджети 69 миллион долларды түзгөн чакан өлкөнүн Түндүк альянс үчүн аскерий мааниси ченелүү.

Монтенегронун 2000 аскери НАТО күчтөрүнө сезилерлик салым кошпосо да Адриатика деңизин бойлой кеткен 293 чакырым чек арасы кыймылсыз мүлк үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Эми НАТО Адриатика деңизинин Италиядан тарта Грециянын жээктерине чейин Босния-Герцоговинага караган 20 чакырым тилкесинен башка аймагына толук көзөмөлдүк кылат.

Монтенегронун НАТОго киришине Кремль бут тосуп келген.

НАТОнун баш катчысы генерал Йенс Столтенберг Вашингтондогу иш-чарага катышат.

XS
SM
MD
LG