Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Аксыда селден улам 360 кожолук байланышсыз калды


Аксы, сел алган көпүрө
Аксы, сел алган көпүрө

Райондун Итагар дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, 4-июнда айылга баруучу көпүрөнү жарактан чыгарды. Мындан сырткары УАЗ унаасы менен тракторду ичиндеги адамдары менен кошо агызып кеткен. Бактыга жараша алар аман куткарылган.

Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Нурмырза Абдрамановдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, 360 кожолук жашаган Итагар айылына баруучу көпүрөнү суу алгандыктан учурда жашоочулар байланышсыз калышты.

Район жетекчиси менен ӨКМ адистери жеринде чара көрүп жатат. Мындан сырткары дарыянын 4 жеринде суу каптоо коркунучу жаралууда.

Кыргызстанда 4-6-июнь күндөрү нөшөр жаандан улам тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу бар экенин буга чейин синоптиктер билдирген. (RsK)

XS
SM
MD
LG