Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

6-июндун аба ырайы


6-июнда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 11...16, күндүз 22...27;

Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 19...24;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз 18...23;

Нарында түнкүсүн 6...11, күндүз 17...22;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10;

​Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз маал-маалы менен жаан жаашы ыктымал. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 12…14°, күндүзгү жогорку температурасы 24…26°.

XS
SM
MD
LG