Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Кенекеев Бабановдун айыптоосун четке какты


Даир Кенекеев
Даир Кенекеев

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Даир Кенекеев Жогорку Кеңештин "Республика Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун мэр боюнча айыптоосуна жооп кайтарды. Бүгүн ал өзү "Азаттык" радиосуна байланышка чыгып, Талас шаарында өткөн жыйында айтылгандар боюнча:

- Бул пикир чындыкка жатпайт. Анткени Талас шаарынын мурунку мэри Анарбек Кушубеков мыйзамга ылайык мэрлик (4 жыл) мөөнөтү бүткөн жана ушул себептен ал кызматынан бошотулган. Кушубеков өз талапкерлигин шаардык кеңештин алдына "Республика" партиясынан кайра коюудан баш тарткан. Буга ушул эле партиянын жетекчилери Кушубековду колдобой койгону негизги себеп болгон. Бул боюнча Анарбек Кушубеков убагында өз оюн билдирген, - деп маалымдады.

Парламенттеги «Республика Ата-Журт» фракциясы Талас шаарынын мурдагы мэри Анарбек Кушубековдун кызматтан кетишине өкмөттүн облустагы өкүлү Даир Кенекеев кийлигишкен деп эсептерин бүгүн Таласта өткөн жыйында фракция лидери Өмүрбек Бабанов айткан.

“Республика” партиясынын өкүлү Анарбек Кушубеков 2013-жылы Талас шаарынын мэри болуп шайланып, соңку жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодон кийин кызматтан кеткен. Мэр шайлоо Таласта ар кандай саясий акциялар менен коштолгон болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG