"Эркин Европа/Азаттык" радиосу (ЭЕ/АР) менен кызматташкан крымдык журналист Николай Семенанын үстүнөн сот иши 5-июнда Симферополь шаарында жанданды.
Семенанын адвокаты Алексей Попков айыптоо материалдары окулгандан кийин судья сотту 14-июнга жылдырганын билдирди.
Эгер Семена Орусиянын мыйзамдарына ылайык соттолсо беш жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн. Журналист менен бирге бир нече киши Орусия Крым жарым аралын Украинадан тартып алганына каршы туруп, Москваны сындашканы үчүн камакка алынган.
20-марттан бери Семенанын сот иши бир нече жолу ар кандай шылтоо менен которулган.
66 жаштагы Семена ЭЕ/АРнын Крым.Реалии сайтына 2015-жылы жазган макаласында Орусия Федерациясынын аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырган деп айыпталууда.
Семена өзүнө тагылган айыпты четке кагат. Журналист Крымдын макамы талаштуу экенин жана өз оюн эркин билдирүүгө укугу бардыгын айтат.
АКШ, Евробиримдик, ЕККУ жана эл аралык медиага көз салган уюмдар Семенанын куугунтукка кабылып жатканына кабатырланганын билдиришкен.