Татарстандын Жогорку соту Орусиянын Ички иштер министрлигин полицияда кыйноого кабылып, запкы жеген адамга 70 миң рубль төлөөгө милдеттендиргенин “Укук аймагы” уюму билдирет.
Жабыр таркан адам доо арызында тарткан моралдык чыгымы үчүн 750 миң рубль кенемте талап кылган. Укук коргоочулар соттун чечимин арызданууну көздөп жатышат.
2016-жылы февралда полиция кызматкери Айдар Сальманов ИИМдин бөлүмүндө ууру кылды деп шектелген адамга күнөөнү мойнуңа ал деп кыйнаган. Кармалган киши күнөөнү мойнуна албай койгондо Сальманов 21 жолу электрошокер колдонгон. Өткөн жылы Сальманов ИИМден кызматтан бошотулуп, беш жылга шарттуу кесилген.
Үстүбүздөгү жылдын март айында Казандын соту жапа чеккен адамга 20 миң рубль төлөп берүү тууралуу чечим чыгарган. Адвокаттар чечимди арызданган.