Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:44

Жарандык коом өзгөртүлгөн шайлоо мыйзамдарын талкуулайт


Жарандык активисттер шайлоо күрөөсүнүн жана шайлоо фондунун көбөйтүлүшү, саясий партиялар үчүн шайлоо босогосунун жогорулашы жана байкоочуларга киргизилген чектөөлөр шайлоочулардын укугун бузат деп эсептешет.

6-июнда Бишкекте өтө турган тегерек үстөлдө мына ушундай өзгөртүүлөр жөнүндө сөз болмокчу.

Талкууга саясатчылар, жарандык активисттер, оппозиция өкүлдөрү катышат. Ошондой эле президенттик шайлоого катышууну көздөгөн талапкерлер, ЖК депутаттары, мыйзам демилгечилери, БШК мүчөлөрү чакырылган.

Парламент 31-майда кабыл алган "Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдө шайлоо күрөөсү 100 миң сомдон 1 млн сомго көтөрүлдү. Парламенттик шайлоодо саясий партиялар үчүн шайлоо босогосу 7 пайыздан 9 пайызга жогорулайт. Байкоочулар бир катар ыйгарым укуктарынан ажыратылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG