Коомдук телерадиокорпорациянын жетекчилиги бул каналдагы жарнаманын көлөмүн чектөөгө каршы. Мындай пикирин бүгүн КТРКнын башчысы Илим Карыпбеков "Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулаган жыйында билдирди.
Коомдук талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева, жеке телекомпаниялардын өкүлдөрү, медиа жаатындагы адистер катышып жатат.
Жеке телекомпаниялар учурда КТРК эфирдеги жарнаманын басымдуу бөлүгүн өзүнө алып алганын айтып нааразылык билдирүүдө жана чектөө киргизүүнү сунуштоодо.Илим Карыпбеков буга каршы чыгып, жарнамадан түшкөн каражат КТРКнын бюджетинин ири бөлүгүн түзөрүн айтты:
- Грузиянын коомдук телекомпаниясында жарнама жок. Бирок алардын мыйзамында "коомдук телеканалдын бюджети өлкөнүнү ички дүң өнүмүнүн 1,5% түзөт" деген пункт бар. Биз да мыйзамды ошентип өзгөртө алабызбы? Азыр бизде андай тажрыйбаны киргизүү мүмкүн эмес. КТРКнын 6 телеканалы, 5 радиосу бар. Күнүнө 162 сааттык контент даярдалат. Анын баарына каражатты жарнамадан албасак кайдан табабыз?
Учурда КТРКнын ишмердүүлүгүн тескеген мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр коомдук талкууга коюлган. (KR)