Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Шеримкулов: Жаңы шайлоо мыйзамы добуш сатып алууга өтө ыңгайлуу


Медеткан Шеримкулов
Медеткан Шеримкулов

Кыргызстанда шайлоо маалында добуштарды сатып алууга болуп көрбөгөндөй ыңгайлуу шарт түзүлүүдө. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте өтүп жаткан жыйында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов билдирди.

5-июнда президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчыны жана парламент депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарды өзгөрткөн конституциялык мыйзамга кол койгон. Анда бир нече жаңы нормалар бар.

Шеримкуловдун пикиринде, бул мыйзамда президенттикке талапкердин шайлоо фондун түзүү боюнча берилип жаткан укуктар кооптонууну жаратууда. Маселен, талапкерге жеке жарандар өзүнүн атынан бере ала турган сумма мурдагыдан 10 миң эсе жогорулоодо:

- Шайлоо фондунун болуп көрбөгөндөй көлөмү түзүлүп, бул шайлоочулардын добуштарын түрдүү жолдор менен сатып алуу үчүн эбегейсиз чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөт, - дейт Шеримкулов.

Бүгүн Бишкекте оппозиция өкүлдөрү жана жарандык коом уюштурган “Шайлоону монетизациялоо – эгемендикке коркунуч” талкуусу өтүп жатат. Ага “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев, журналист Замира Сыдыкова, жарандык активисттер Адил Турдукулов, Мавлян Аскарбеков жан башкалар катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG